ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 1-чакырылышынын кезексиз
4-сессиясы
2025-жылдын 6-февралындагы № _17____
Хан-Теңири айыл аймагынын сыйлыктары жөнүндө
ЖОБОну бекитүү жөнүндө
Хан-Теңири айыл аймагынын сыйлыктары жөнүндө жобо “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына негизделип жана жаштар, спорт жана маданият, миграция, социалдык маселелер, коомчулук менен байланыш(СМИ) боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун карап , талкуулап жергиликтүү кенеш токтом кылат :
- Хан-Теңири айыл аймагынын сыйлыктары жөнүндө жобо толуктоолор менен бекитилсин. (жобо тиркелет.)
- Жобо боюнча иш алып баруу Хан-Теңири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго милдеттендирилсин.
- Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго, аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар, спорт жана маданият, миграция, социалдык маселелер, коомчулук менен байланыш(СМИ) боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага Т.Узаков