КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-ноябрындагы №29-1/6
Каракол шаарынын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ жыйындарын чакыруу жѳнʏндѳ
Кыргыз Республикасынын Президентинин, 2024-жылдын 20-сентябрындагы, №271 « III Элдик Курултайды чакыруу» жѳнʏндѳгʏ Жарлыгынын негизинде, кезектеги III Элдик Курултайды уюштуруунун жана ѳткѳрʏʏнʏн календарлык планына ылайык, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын I сессиясы,
токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо ʏчʏн, Каракол шаары боюнча жергиликтʏʏ жамааттардын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ чогулушу, 2024-жылдын 7-декабрында, саат 10-00 го чакырылсын. Курултайды ѳткѳрʏʏ жайы катары, Ысык-Кѳл областтык К.Жантѳшев атындагы музыкалык драма театры белгиленсин.
- Каракол шаарынын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ жыйындарын уюштуруу жана ѳткѳрʏʏ боюнча жумушчу тобу, №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Каракол шаарынын мэриясы, муниципалдык аймактык башкаруулары менен бирдикте, Каракол шаарынын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ жыйындарын, бекитилген графикке ылайык ѳткѳрʏʏнʏ уюштурсун.
- Каракол шаарынын мэриясы, муниципалдык аймактык башкаруулары менен бирдикте, тургундарды ММКлар, расмий сайттар аркылуу, бекитилген графикке ылайык, ѳтѳ турган жыйындардын орду, датасы, убактысы боюнча маалымат беришсин.
- Каракол шаарынын ички иштер бѳлʏмʏ, Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын III Элдик Курултайына делегаттарды шайлоо боюнча, жергиликтʏʏ жамааттардын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ жыйындарын ѳткѳрʏʏдѳ коомдук тартипти камсыз кылсын.
- Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтом ММКларда жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаарынын мэри Ф.А.Алжамбаевге жана Каракол шаардык Кенешинин тѳрагасына жүктөлсүн.
Тѳрага А.А.Сапарбеков