Редакцияот 30.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊешинин

VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы

  

2025-жылдын 30-январындагы  №19                                                                       

Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу, туристик эс алуу жана дарылануучу “Бар-Булак” минералдык ысык суусуна каттаган жергиликтүү авто унаа жолу боюнча  аралыгы 4 км 200 м  чакырымына асфальт тѳшѳѳгѳ Ак-Терек айыл ѳкмѳттүн балансына алуу жѳнүндѳ

          Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичдин Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу, туристик эс алуу жана дарылануучу “Бар-Булак” минералдык ысык суусуна каттаган жергиликтүү авто унаа жолу боюнча аралыгы  4 км 200 м  чакырымына асфальт тѳшѳѳгѳ Ак-Терек айыл ѳкмѳттүн балансына алуу боюнча докладынын негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу, туристик эс алуу жана дарылануучу “Бар-Булак” минералдык ысык суусуна каттаган жергиликтүү авто унаа жолу боюнча  аралыгы                            4 км 200 м  асфальт тѳшѳѳ үчүн Ак-Терек айыл ѳкмѳттүн  балансына бекитип берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл  ѳкмѳтүнүн   башчысы Зарнаев  Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.

Төрага                                                                                        С. Эркинбек уулу