Редакцияот 30.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊешинин

VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы

 

2025-жылдын 30-январындагы №21                                                                        

Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Регламентин

бекитүү  жѳнүндѳ

        

           Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Регламентин бекитүү боюнча, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаттары тарабынан жана                        Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаттык этика, регламент жана мандат, социалдык маселелер, жаштар, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнчатуруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап, алымча, кошумчалары менен                 Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

1.      Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Регламенти бекитилсин.

2.     Кабыл алынган Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Регламентиндеги талаптарды аткаруу боюнча жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын  жеке жоопкерчиликтери белгиленсин.

3.      Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттык этика, регламент жана мандат, социалдык маселелер, жаштар, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнчатуруктуу комиссиянынтөрайымы А.Кендирбаевага  милдеттендирилсин.

 

 Төрага                                                                                            С. Эркинбек уулу