Редакцияот 30.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊешинин

VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы

  

2025-жылдын 30-январындагы  №22                                                                       

 

Ак-Терек айыл аймагына караштуу  Кызыл-Туу айылынын тургуну Асакеев Турсунбек Ѳмүрбековичке, Четинди айылында жайгашкан чоң атасынын   20 сот. уч. үйү   1991-жылы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ ѳтүп кеткендигине байланыштуу, кайра кайтарып берүү жѳнүндѳ

          

                       Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну                                      Асакеев Турсунбек Ѳмүрбековичке, Четинди айылында жайгашкан   чоң атасынын   20 сот. уч. үйү 1991-жылы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ ѳтүп кеткендигине байланыштуу, кайра кайтарып берүү боюнча,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

          

1.     Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну                                      Асакеев Турсунбек Ѳмүрбековичке, Четинди айылында жайгашкан  атасы туулуп ѳскѳн, чоң атасынын 20 сот. уч. үйү менен 1991-жылы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ ѳтүп кеткендигине байланыштуу, кайра кайтарып берүүгѳ макулдук берилсин.

2.  Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл  ѳкмѳтүнүн   башчысы Зарнаев  Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.

 Төрага                                                                                               С. Эркинбек уулу