Редакцияот 30.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊешинин

VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы

 

2025-жылдын 30-январындагы  №24                                                                       

 

Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу 

“Кичи Жѳкѳтѳй Тоо” участогуна ЖЧК “Шор-Булак Гранит-Эки”  

кендерин иштетүүгѳ макулдук  берүү жѳнүндѳ

           Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичдин Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу “Кичи Жѳкѳтѳй Тоо” участогуна ЖЧК “Шор-Булак Гранит-Эки” кендерин иштетүүгѳ макулдук берүү боюнча билдирүүсүнүн негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.     Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу “Кичи Жѳкѳтѳй Тоо” участогуна ЖЧК “Шор-Булак Гранит-Эки” кендерин иштетүүгѳ макулдук берилсин.

 

2.  Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл  ѳкмѳтүнүн   башчысы Зарнаев  Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.

 Төрага                                                                                               С. Эркинбек уулу