Редакцияот 30.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊешинин

VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы

  

2025-жылдын 30-январындагы  №27                                                                      

 

 Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу 

Кызыл-Туу, Бар-Булак, Комсомол, Дѳӊ-Талаа айылдарына Улуу Ата Мекендик

согуштун ардагерлердин урматына эстелик орнотууга

макулдук  берүү жѳнүндѳ

           Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичдин Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу  Кызыл-Туу, Бар-Булак, Комсомол, Дѳӊ-Талаа айылдарына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлердин урматына эстелик орнотууга, жер маселесин чечип берүү

 боюнча билдирүүсүнүн негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Кызыл-Туу, Бар-Булак, Комсомол, Дѳӊ-Талаа айылдарына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлердин урматына эстелик орнотууга, жер маселесин чечип берүүгѳ макулдук берилсин.

 

2.  Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл  ѳкмѳтүнүн   башчысы Зарнаев  Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.

 

 Төрага                                                                                            С. Эркинбек уулу