КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Көк-Жар айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 20-февралы № 2
Бириктирилген Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370-Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24-Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52-Токтомун жетекчиликке алуу менен бириктирилген Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бириккен Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 20-февралындагы №2 протокол бекитилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370-Жарлыгына ылайык Он Эки Бел, Найман айыл аймактары бириккендигин, катышкан 48 депутаттардын 35 добушуна ээ болгондугун белгилеп, бириктирилген Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Кайымов Курванбек Мурзакамилович шайланды деп эсептелинсин.
3.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370-Жарлыгына ылайык Он Эки Бел, Найман айыл аймактары бириккендигин, катышкан 48 депутаттардын 29 добушуна ээ болгондугун белгилеп, бириктирилген Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Исаков Орозали Нурмаматович шайланды деп эсептелинсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага: | Р.Т. Арапов |