КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
2024-жылдын 16-апрели № 3-5
“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесине кызматтык авто унааны оперативдүү башкарууга алуу жөнүндө
Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде аймактык- административдик реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомуна негиз, жоюлган Найман айыл өкмөтүнүн балансындагы авто унаа Көк-Жар айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп бергендигине байланыштуу, Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесине кызматтык авто унааны оперативдүү башкарууга өткөрүү максатында, Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунуш долбоорун угуп жана талкуулап, “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесине кызматтык авто унааны оперативдүү башкарууга алууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү ишкагаздарын даярдоо жагы “Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Көк-Жар айыл аймагындагы айылдык кенеши” мекемесинин Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | К. Кайымов |