КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
2024-жылдын 16-апрели № 3-7
“Жийде” ИСКАКБнын жетекчиси К.Кожоновдун арызын кароо жөнүндө
«Жийде» ИСКАКБнын жетекчиси К.Кожоновдун арызына негиз, “Жийде” ИСКАКБнын тейлөөсүндөгү Жийде таза суу линиясына агын сууларды тунуутуучу 20 м3 тунуткуч курууга жана турак-жайларга киргизилген суу түтүктөрүнө суу эсептегичтерин орнотууга макулдук берүү максатында Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунуш долбоорун угуп жана талкуулап, “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жийде” ИСКАКБнын тейлөөсүндөгү Жийде таза суу линиясына агын сууларды тунуутуучу 20 м3 тунуткуч курууга жана турак-жайларга киргизилген суу түтүктөрүнө суу эсептегичтерин орнотууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Жийде» ИСКАКБнын жетекчиси К.Кожоновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Көк-Жар айыл аймагындагы айылдык кенеши” мекемесинин Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | К. Кайымов |