КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
2024-жылдын 16-апрели № 3-8
Борбаш айылынын тургуну Р.Нарынбаеванын арызын кароо жөнүндө
Борбаш айылынын тургуну Нарынбаева Райхан Каримовнанынарызына негиз, Көк-Жар айылында жайгашкан 136 чарчы метр жеке менчигиндеги жер аянтынын багытын соода-сатык багытына өзгөртүү максатында бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунуш долбоорун угуп жана талкуулап, “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Борбаш айылынын тургуну Нарынбаева Райхан Каримовнанын Көк-Жар айылында жайгашкан 136 чарчы метр жеке менчигиндеги жер аянтынын багытын соода-сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы «Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин жер маселелери боюнча адиси Ж.Сарыбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары: | К. Кайымов |