Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы

 

2024-жылдын 16-апрели  № 3-12

Айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижара келишими бүткөндүгүнө байланыштуу, ижара келишимдерин жаңылоо жана баштапкы бааларын көтөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №52 токтомунун 6-пунктуна ылайык, ”Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин  башчысынын дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууга байланыштуу чаралар боюнча сунушун угуп, “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси    

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жергиликтүү маанидеги «тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин башкаруу тартиби (мындан ары – Тартип) дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселелерин 1-тиркемеге ылайык киргизүү менен бекитилсин.

2.“Көк-Жар айыл аймагынын  айыл өкмөтү” мекемесинин  башчысы Тартиптин бекитилген функцияларын аткаруу, кызматтарды уюштуруу жана милдеттенмелерди аткаруу бөлүгүнүн ишке ашырылуусун камсыз кылсын.

3.Көк-Жар айыл аймагынын айылдык  кеңеши мекемесинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №3-13 токтомун Ош облустук юстициянын башкармалыгында каттоодон өткөрсүн.

4.Ушул токтомдун аткарышылын өз көзөмөлүмө  калтырамын.

 

 

Төраганын орун басары:

К. Кайымов