Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы

 

2024-жылдын 16-апрели  № 3-13

Көк-Жарайыл аймагынын аймагындагы  “Абшыр-Таңы” СПАнын менчигиндеги  ички ирригациялык курулмалардын жалпы бөлүгүн жана мүлктөрүн муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

 

«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2- жана 19-беренелерине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 07.02.2024ж №52 токтомунун 6-пунктун жетекчиликке алып,“Абшыр Таңы”суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды жана мүлктөрдү муниципалдык менчикке акысыз берүү жөнүндө чечими тууралуу “Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин башчысы А.Шамуратовдун  сунушун угуп жана талкуулап  “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси    

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.«Абшыр-Таңы» суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун ирригациялык объектилерди жана мүлктөрдү  муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылсын.

2.«Абшыр-Таңы» суу пайдалануучулар ассоциациясынын ирригациялык курулмаларынын жалпы бөлүгү жана мүлктөрү муниципалдык менчикке кабыл алынсын.

3.“Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин   башчысы А.Шамуратов      “Абшыр Таны” суу пайдалануучулары ассоциациясы менен биргеликте   ирригациялык курулмалардын жалпы бөлүгүн жана мүлктөрүн  кабыл алуу-өткөрүп берүү актын түзсүн.

4.Ирригациялык курулмаларды жана мүлктөрдү муниципалдык менчик реестрине    камтысын.

Ушул “Көк-Жар айыл аймагындагы айылдык кеңеши” мекемесинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 3-14 токтому Ош облустук  юстиция башкармалыгынан мамлекеттик  каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырамын.

 

 

Төраганын орун басары:

К. Кайымов