КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
2024-жылдын 16-апрели № 3-14
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши мекемесинин “Муниципалдык менчик мүлктөрүн (жер участоктон тышкары) пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобосун бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 2022-жылдын 28-июлундагы №189 буйругу менен бекитилген “Муниципалдык менчик обьектерин пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобосун негиз кылып Көк-Жар айылдык кенеши мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагынын Көк-Жар айыл өкмөтү мекемесинин “Муниципалдык менчик мүлктөрүн (жер участоктон тышкары) пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген Жобого ылайык иш алып баруу жагы “Көк-Жар” айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Көк-Жар” айыл аймагындагы айылдык кенеши мекемесинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | К. Кайымов |