Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

«Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин VII- чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели  № 4-1

Көк-Жар айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Көк-Жар айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси төмөнкүдөй      

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Көк-Жар айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2. “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин  төрагасына жана “Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин башчысына 1986-жылы Бел айыл аймагы менен чектелип такталган Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокат райондук   мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төраганын орун басары:

О. Исаков