Редакцияот 30.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊешинин

VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы

 

2025-жылдын 30-январындагы  №36                                                                       

 

Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин

киреше бѳлүгүн кѳбѳйтүү  жѳнүндѳ

                       Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 14-январындагы №01-4/74 катынын негизинде,  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бѳлүгүн кѳбѳйтүүмаксатында  2025-жылдын 1-январь айынан тартып, салыктарга эсептелинүүчү зоналдык коэфициенти 2,0 коэфициентке кѳтѳрүү боюнча, Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин билдирүүсүн угуп жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын чечимин угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:

 

          1. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бѳлүгүн кѳбѳйтүүмаксатында  Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесинин 4 пунктуна ылайык 2025-жылдын 1-январь айынан тартып Ак-Терек айыл Ѳкмѳтү боюнча салык эсептелинүүчү айыл чарба эмес багытындагы жерлердин зоналдык коэфициенти 2,0 ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык      экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевга милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага  тапшырылсын.

 Төрага                                                                                              С. Эркинбек уулу