Редакцияот 30.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊешинин

VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы

  

2025-жылдын 30-январындагы  №37                                                                       

 

Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин

киреше бѳлүгүн кѳбѳйтүү  жѳнүндѳ

                       Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 14-январындагы №01-4/74 катынын негизинде,  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бѳлүгүн кѳбѳйтүүмаксатында  2025-жылдын 1-январь айынан тартып, мүлк салыгынын турак имараттар (Имущество 1 гр) жана орун жайлар үчүн базалык салык ставкасын 8,5 ѳчѳмүндѳ кѳбѳйтүү боюнча кѳтѳрүү боюнча, Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин билдирүүсүн угуп жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын чечимин угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:

 

          1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 390, 380-беренесине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү боюнча 2025-2027 жылдарга  Ак-Терек айыл Ѳкмѳтү боюнча мүлк салыгынын турак имараттар (Имущество 1 гр) жана орун жайлар үчүн базалык салык ставкасы 8,5 ѳлчѳмүндѳ кѳбѳйүп бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык      экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевга милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага  тапшырылсын.

 

 Төрага                                                                                            С. Эркинбек уулу