Редакцияот 30.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊешинин

VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы

  

2025-жылдын 30-январындагы  №38                                                                        

 

Мамлекеттик лизинг компаниясынын айыл чарба жана атайын

техникаларды алууга макулдук берүү  жѳнүндѳ

                       Тоӊ районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын №01-7/3569 катынын негизинде, Мамлекеттик лизинг компаниясынынайыл чарба жана атайын техникаларды алуу боюнча, Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин билдирүүсүн угуп жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын чечимин угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:

 

          1. Ак-Терек айыл Ѳкмѳтү боюнча Мамлекеттик лизинг компаниясынын айыл чарба жана атайын техникаларды алууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык      экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевга милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага  тапшырылсын.

 

 Төрага                                                                                            С. Эркинбек уулу