Редакцияот 30.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊешинин

VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы

 

2025-жылдын 30-январындагы  №39                                                                        

 

Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу 

 “Бар-Булак” участогунда жайгашкан жерлерди конкурстук негизде ижарага

берүүгѳ макулдук  берүү жѳнүндѳ

                        Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдын 10-декабрындагы                   №01-8-1696 катынын негизинде,  Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичдин Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун “Бар-Булак” участогунда жайгашкан жерлерди конкурстук негизде ижарага берүү боюнчабилдирүүсүн угуп жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

           1. Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун “Бар-Булак” участогунда жайгашкан жерлерди конкурстук негизде ижарага берүүгѳ макулдук берилсин.

 

2.  Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл  ѳкмѳтүнүн   башчысы Зарнаев  Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.

 

 Төрага                                                                                           С. Эркинбек уулу