Редакцияот 03.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 3-апрели № 13

Жер участогунун өлчөмүн бекитүү жөнүндө

Сокулук райондук архитектурасынан башкы планын түзүү үчүн жер амнистиясы боюнча өткөрүлүп берилген Кызыл-Туу айыл аймагынын аймагынан 4 (төрт) сотыхтан 20 (жыйырма) сотыхка чейин жер тилкесинин өлчөмүн бекитүү жөнүндө Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. Джылжымышовтун арызын карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 01.04.2022-жылдагы №21 Мыйзамына ылайык “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” 2-берененин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы, № 291 “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин жеке турак-жай куруу боюнча туруктуу жер комиссиясынын корутундусун угуп Кызыл-Туу айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сокулук райондук архитектурасынан башкы планын даярдоо үчүн жер амнистиясы боюнча өткөрүлүп берилген Кызыл-Туу айыл аймагынын аймагында жайгашкан Кызыл-Туу, Токбай, Маловодное, Кара-Сакал, Новое айылдарынын 4 (төрт) сотыхтан 20 (жыйырма) сотыхка чейин жер тилкесинин өлчөмү бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысына А.Б.Джылжымышовго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ИЖС боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык

Кенешинин төрагасы

 

М.Б. Суюналиев