Редакцияот 07.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 7-июну № 15

Кызыл-Туу айыл аймагынын АКИА уставын бекитүү жөнүндө

Кызыл-Туу айыл өкмотүнүн нвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адис Ж.Медетованын айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясын түзүү жана Уставын бекитүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын аймагы АКИАнын уставдык ишмердүүлүгү үчүн чек ара катары аныкталсын..

2.  Устав айылдык кенеште бекитилсин жана бекитилген устав Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө катталсын.

3.  Бул токтомду жарыялоону жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүүнү айылдык кеңештин жооптуу катчысы камсыз кылсын..

 

 

Айылдык

Кенештин төрагасы

 

Суюналиев М.Б.