Редакцияот 06.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин

IX чакырылышынын кезектеги 4 сессиясынын

 

2025-жыл 06-февралы №4/2

 

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Коргон Ак-Ниет” муницпалдык ишканасынын 2024-жылы аткарган иштери тууралуу маалыматын угуу жана 2025-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө

 

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Коргон Ак-Ниет” муницпалдык ишканасынын  жетекчиси У.Кушаковдун 2024-жылы аткарган иштери жана 2025-жылга карата иш планы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 4-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Коргон Ак-Ниет” муницпалдык ишканасынын жетекчиси У.Кушаковдун 2024-жылы аткарган иштери тууралуу маалыматы “канааттандырарлык” деп табылсын.

 

2. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Коргон Ак-Ниет” муницпалдык ишканасынын 2025-жылга карата иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

3. “Үч-Коргон Ак-Ниет” муницпалдык ишканасынынын милдеттемелерине кирген маселелелердин аткарылышын көзөмөлгө алуу жана натыйжалуулугун арттыруу боюнча иш алып баруу жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жапаровго милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.Токтобаевага жүктөлсүн.

 

5. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.

 

Төрага:

          Таштанбай уулу Манас

Үч-Коргон айылдык кеңешинин 06.02.2025-жылдагы №4/2 токтомуна тиркеме

 

“Үч-Коргон Ак-Ниет” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга аткарылуучу иш-планы

 

№

Аткарыла турган иштер

Аткаруу мөөнөтү

Аткаруучу

1

Өздүк курамды толуктап түзүү. Таза сууга жана тазалыкка болгон жыйымдарды колго алуу. Спец техникаларын сатып алуу

Январь, февраль айында

Уч-Коргон Ак-Ниет

2

Таза суу кампаларынын айланасын тазалоо жана Кызыл-Жар айылынын суу кампасына диаметри 300 болгон трубадан каналдан түз суу алып келүү үчүн керектүү кагаздарды даярдоо. Таштанды төгүүчү жайды сүрүп иретке келтирүү

Март

Уч-Коргон Ак-Ниет

3

Кызыл-Жар айылындагы таза суу кампага диаметри 300 болгон турабын орнотуу жана Кум, Жыл-Кол айылдарына кошумча суу кошуу үчүн Жел-Тийбес насоско улануучу трубаларды орнотуу. Мамлекеттик сатып алууларга катышып ишканага кошумча киреше тартуу. Таштанды төгүүчү жайды коргондоо

Март, апрель

Уч-Коргон Ак-Ниет

4

Кошумча суу кампаларын куруу. Мектеп, бала бакчалардын отказандан чыккан таштандыларын чыгаруу. Кум, Жыл-Кол , Мор-Булак Кызыл-Жар, Нарын, Терс жана Дерес-Сай айылдарынын ички көчөлөрүнө шагыл төгүп, сүрүп тегиздөө

Апрель, май, июнь, июль

Уч-Коргон Ак-Ниет

5

Ар бир айылдагы таза суу түтүктөрүнө задвижка орнотуу. авн камераларды тазалоо

Август, сентябрь, октябрь

Уч-Коргон Ак-Ниет

6

Үч-Коргон айыл аймагынын тургундарынын 2025-жылга таза суу, тазалык үчүн төгүлүүчү төлөмдөрүн толук жыйнап алуу жана ар бир айылга барып эл менен жолугушуу өткөрүү. 2026-жылга иш план түзүү

Ноябрь, декабрь

Уч-Коргон Ак-Ниет