Редакцияот 06.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 6-октябры № 23

Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29- августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын жетекчилике алып, Элдик Курултайды өткорүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1 чечими менен бекитилген календардык планга ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңеши чечим кылат:

 

1. 2023-жылдын 18-ноябрында ишемби күнү Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы С. Абдылдаева мектебинде Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын уюштурулсун.

2. Кызыл-Туу айыл аймагы боюнча калктын санына жараша (калк-8636) өкүлчүлүктүү жыйынга 50 өкүл шайлансын.

3. Өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери, жыйындарды өткөрүү графиги, өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ төмонкү курамда бекитилсин:

-        М.Б. Суюналиев – айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;

-        Н.К. Джумабаева – айылдык кеңештин катчысы, жумушчу топтун катчысы;

-                                        - айылдык кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;

-        А.Б. Кыргызбаева – инспектор ВУС, жумушчу топтун мүчөсү;

-        Г.Ж. Тойчубаева – эконом.статист, жумушчу топтун мүчөсү;

-        Ж. Сансызбаев – коомдук активист, жумушчу топтун мүчөсү;

-        А.Б. Надырова – коомдук активист, жумушчу топтун мүчөсү;

 

5.Кызыл-Туу айыл өкмөтү өкулчүлүктүү жыйынды өткөрүүнү уюштурсун.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзумө калтырам.

 

 

Айылдык

Кенештин төрагасы

 

М.Б. Суюналиев