КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 6-октябры № 24
Бөлүнгөн акча каражатына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы А.Б. Раимбекованын бөлүнгөн акча каражаттарга өзгөртүүлөр киргизүү боюнча маалыматын угуп, протоколдун негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Алтын Уя КТ” бала бакчасына бөлүнгөн 550,0 миң сомдун ичинен өзгөртүүлөр киргизилсин:
-413,5 миң сом – бала бакчанын чатырын оңдоосуна;
- 136,5 миң сом – бала бакчанын тегерегин тосуусуна;
2. “ЖКХ” бөлүмүнө лотокторго бөлүнгөн 632,5 миң сомдун ичинен өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 250,0 миң сом Табышалиева көчөсүнүн жамоо иштерине жумшалсын;
3.Ушул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөт башчысы А.М. Сагынбековко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Айылдык Кенештин төрагасы |
М.Б. Суюналиев |