Редакцияот 05.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кенештин VIII чакырылышынын кезекcиз IV сессиясы

 

2025-жылдын 5-февралы № 23

Суу-Башы айыл аймагындагы тике суу кудуктарын жана насостук станциясын  Баткен райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө.

 

Кыргыз  Республикасынын  Министрлер Кабинетинин  2024-жылдын                          29-апрелиндеги №207 токтомуна ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-февралындагы №69 сандуу чыгыш катынын негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп, талкуулап Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Бужум айылындагы “Келечек” тике суу кудугу, ”Жаңы конуш” тике суу кудугу жана “Береке” насостук станциясын, Айгүл-Таш айылындагы “Айгүл-Таш” тике суу кудугун Баткен райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгөмакулдук берилсин.
  1. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы           Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  1. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы жер,айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

К.Шакиров