РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы (VII чакырылышы)
2025-жылдын 31-январы № 4
Өзбек-Кыргыз өнүгүү фонду аркылуу Раззаков шаарына автобустарды финансылык ижарага (лизингге) алууга макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2021–жылдын 20–октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123–Мыйзамынын 34–беренесин жетекчиликке алып, Раззаков шаарына Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарындагы “СамАвто” автозаводунан коомдук транспорт үчүн ISUZU SAZ HD-50 үлгүсүндөгү 5 даана автобустарды финансылык ижарага (лизингге) Өзбек-Кыргыз өнүгүү фонду аркылуу алуу жөнүндөгү Раззаков шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 24-январындагы №01-35-193 сандуу катын карап жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып,
Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Раззаков шаарына ISUZU SAZ HD-50 үлгүсүндөгү 5 даана автобустар финансылык ижара (лизинг) аркылуу алуу үчүн Өзбек-Кыргыз өнүгүү фондунан 5 жылдык мөөнөткө, негизги суммасын төлөөдө 6 айлык жеңилдетүү мөөнөтү менен жылдык 4 пайыздык чени (үстөк) менен 259,0 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү каражаттарды алууга (финансылык ижара (лизинг) аркылуу) жана лизингдин 30 пайызын алдын ала төлөө үчүн (баштапкы салым) жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө, Өзбек-Кыргыз өнүгүү фондуна лизингди уюштуруу боюнча комиссия толомyн толоо учун 1295,0 АКШ доллар (лизингдин суммасынан 0,5%), финансылык ижарага (лизингке) алына турган автобустардын бажылык тариздөөсyнө, камсыздоосуна жана мамлекеттик каттоосуна байланышкан төлөмдөрдү төлөөгө макулдук берилсин (тиркеме №1 ).
- Раззаков шаарынын мэриясына Раззаков шаарынын жергиликтүү бюджетин түзүүдө ар жылы аталган лизингдин төлөмдөрүн төлөөгө зарыл болгон акча каражатын жана алынган автобустарды жыл сайын камсыздоого керектелүүчү чыгымдарды кароо жагы милдеттендирилсин.
- Өзбек-Кыргыз өнүгүү фонду менен келишимдик мамилелерде Раззаков шаарынын мэриясы лизинг алуучу, ал эми анын төмөнкү түзүмдүк бөлүмү (муниципалдык ишкана) эксплуатациялоочу катары таанылышы абзел: Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы “Раззаков элге кызмат” муниципалдык ишканасы.
- Финансылык ижарага (лизингке) алына турган автобустардын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү № 2-тиркемеде көрсөтүлөт. Финансылык ижара (лизинг) келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин лизингдин предметтери Раззаков шаарынын мэриясынын менчигине өтүшү зарыл.
- Аталган техникалар жарандык-укуктук мамилелердин алкагында Раззаков шаарынын калкына акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн пайдаланылып, кызматтардын наркы киреше компонентин камтышы керек.
- Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.А.Саматов |
Тиркеме №1
Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын
31-январындагы № 4 токтому менен бекитилген.
Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан ӨКӨФ аркылуу коомдук
автобустарды сатып алуу долбоорун каржылоо
СТРУКТУРАСЫ
№ | Алынуучу техника | Саны | Баасы | Жалпы баасы USD | ӨКӨФ салымы | Өздүк салым |
1 | Автобус “ISUZU SAZ HD–50” | 5 | 74 000 | 370 000 | 259 000 | 111 000 |
2 | “УНАА” ММ каттоого кеткен чыгымдарын төлөө үчүн (ар бир транспорт 24 000 сом) |
|
| 1 386 | 0 | 1 386 |
3 | Бажы төлөмдөрү (атайын техниканын 0,25%) |
|
| 925 | 0 | 925 |
4 | Лизингди берүүнү уюштуруу боюнча комиссия төлөмү (лизингдин суммасынан 0,5%) |
|
| 1 295 | 0 | 1 295 |
| Жалпы: |
|
| 373 606 | 259 000 | 114 606 |
| Каржылоо үлүшү |
|
| 100% | 69,3% | 30,7% |
Мындан сырткары техникаларды сатып алгандан кийинки төлөмдөр болот:
5 | Техникаларды жыл сайын камсыздандыруудан өткөрүү (жалпы сатып алынган наркына карата 1,5 %) | 5 | 1,5% | 5 550 USD | 0 | 5 550 USD |
6 | Лизингке сатып алынган техникалардын жылдык 4% пайыз төлөмү (бир жылдык) |
|
|
|
| 65000,0 USD |
7 | Жабдуулардын жылдык техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдары (техникалык наркынан 3,5%) (370000 долл * 3,5%=12 950 доллар болжолдуу) |
|
|
|
| 12 950 USD |
| №5, №6, №7 пунктар боюнча жалпы: |
|
|
|
| 76 213,8 USD |
| Жалпы №1–7 пунктардын суммасы: |
|
|
|
| 190 819,8 USD |
|
|
|
|
|
|
|
Раззаков шаардык
Кеңешинин жооптуу катчысы:- З.Н.Туяков
Тиркеме №2
Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын
31-январындагы № 4 токтому менен бекитилген.
Раззаков шаарынын муниципалдык менчигине ISUZU SAZ HD–50 автобустарын алуу үчүн техникалык–экономикалык негиздеме
жана бизнес–план
1. Жобо боюнча маалымат
Максаты: Раззаков шаарынын жана жакынкы калктуу пункттардын тургундары үчүн коомдук транспорттук каттамдарды уюштуруу аркылуу каттамды жеңилдетүү.
Долбоордун алкагында: 5 даана ISUZU SAZ HD–50 автобустарын сатып алуу.
Жалпы наркы: 373 606 доллар (бажы төлөмдөрү жана каттоо чыгымдары менен) 114 606 доллар жергиликтүү бюджеттен биринчи өздүк салым катары каржылоо. 259 000 доллар Кыргыз–Өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу 5 жылдык мөөнөткө финасылык ижара (лизинг) алуу.
Каттамдар: Болжолдуу Раззаков–Сүлүктү, Раззаков–Бөкөнбаев, Раззаков–Самат, Раззаков–Чимген жана шаардын ички каттамдары.
2. Техникалык–экономикалык негиздеме
2.1. Автобустардын техникалык мүнөздөмөлөрү
Модели: ISUZU SAZ HD–50.
Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу: 29 орун отургуч жана турган абалда жалпы 44
Экологиялык стандарт: Евро–5.
Иштөө шарттары: Узак мөөнөттүү жана экономикалык жактан натыйжалуу.
2.2. Транспорттук көйгөйлөр
Жарандардын шаар ичиндеги жана шаар аралык каттамдарга жетүүсүндөгү кыйынчылыктар.
Коомдук транспорттун жетишсиздиги жана маршруттук унаалардын эскилиги.
2.3. Автобустардын ишке киргизүүдөн пайдасы
Каттамдардын санын көбөйтүү жана сапатын жакшыртуу.
Коноктордун жана жергиликтүү тургундардын мобилдүүлүгүн жогорулатуу.
Раззаков шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу.
2.4. Экономикалык негиздеме
Тармактык киреше:
Жылына болжолдуу 300 күн иштеген учурдагы киреше:
Раззаков–Сүлүктү (30 сом): күнүнө 6 каттам, ар бир каттамга 30 жүргүнчү. 6 каттам×30 жүргүнчү×30 сом×300 күн=1 620 000 сом/жылына ушул эле каттам Сүлүктү–Раззаков 6 каттам×30 жүргүнчү×30 сом×300 күн=1 620 000 сом/жылына жалпы 3 240 000 сом/жылына
Башка каттамдар (Раззаков–Бөкөнбаев, Раззаков–Самат, Раззаков–Чимген жана шаар ичиндеги каттамдар): жалпы болжолдуу киреше: 2 700 000 сом/жылына.
Жалпы киреше: 5 940 000 сом/жылына
Тейлөө чыгымдары: Жылына болжол менен 1 121 470 сом (дизель, оңдоо жана тейлөө)
Таза киреше: 4 818 530 сом/жылына
3. Бизнес–план
3.1. Каржылоо планы
Жергиликтүү бюджеттен салым: 114 606 доллар
Кредит: 259 000 доллар (5 жылдык мөөнөткө пайыздык чен 4%)
3.2. Киреше жана чыгашалар
Иштөө кирешеси: 5 автобустан жылына 3 738 530 сом
Кредиттик төлөм: 259 000×4%=10 360 доллар (жылдык пайыз)
Жылдык төлөм: 57 713 доллар (5 жылга бөлүштүрүлөт)
Негизги чыгымдар:
Дизель: 750 000 сом/жылына
Оңдоо жана тейлөө: 371 470 сом/жылына
3.3. Ишке ашыруу планы
Сатып алуу: Кыргыз–Өзбек өнүктүрүү фондунан каражат тартуу жана автобустарды алуу.
Маршруттарды бекитүү:
Раззаков–Сүлүктү (30 сом азыркы баа)
Раззаков–Бөкөнбаев (25 сом азыркы баа)
Раззаков–Самат (20 сом азыркы баа)
Раззаков–Чимген (15 сом азыркы баа)
Шаар ичиндеги каттамдар (20 сом азыркы баа)
Жүргүнчүлөрдү тейлөө: Жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүүнү камсыздоо
4. Корутунду
Бул долбоор Раззаков шаарынын тургундарынын коомдук транспортко жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, шаардын социалдык–экономикалык шарттарын өнүктүрүүгө түрткү берет. Мындан тышкары, долбоор кирешелүү болуп, насыя төлөмдөрүн өз убагында жабууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Раззаков шаардык
Кеңешинин жооптуу катчысы:- З.Н.Туяков