РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы (VII чакырылышы)
2025-жылдын 31-январы № 5
Муниципалдык кичи автобустун жол кире акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Муниципалдык кичи автобустун жол кире акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 111-пунктчасына ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Раззаков шаарына караштуу Ак-Босого, Самат жана Чимген айылдарындагы мектеп окуучуларын мектептерге ташуу үчүн муниципалдык кичи автобустун жол кире акысы Ак-Босого-Раззаков 20сом, Самат-Раззаков 15сом жана Чимген-Раззаков 10сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.А.Саматов |