Редакцияот 31.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы (VII чакырылышы)

2025-жылдын 31-январы № 1

 Раззаков шаарынын артыкчылыктуу долбоорлорун бекитүү жөнүндө.

Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаарынын артыкчылыктуу долбоорлорун бекитүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

                                          

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

  1. Раззаков шаарынын кош каржылоонун негизинде 2025-жылы ишке ашырылуучу региондорду өнүктүрүү фонддоруна сунушталуучу  артыкчылыктуу долбоорлорунун тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
  1. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

С.А.Саматов

 

                                                                                                                                                                 Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын

  31-январындагы № 6 токтому менен бекитилген.

 

 

Кош каржылоонун негизинде 2025-жылы ишке ашырылуучу региондорду өнүктүрүү фонддоруна

сунушталуучу  артыкчылыктуу долбоорлордун

ТИЗМЕСИ

                        №

Долбоордун аталышы

 

Болжолдуу керектелүүчү каражат (миң сом)

Карыжылоо булагы

Жалпы

Суралуучу сумма

Жергиликтүү бюджеттен өздүк салым

Өздүк салымдын  %

1

Муниципалдык мал базардын жолуна жана ички аянтына асфальт төшөө

Райондук өнүктүрүү фонду

25 143 262

20 383 559

4 759 703

18,9

2

Тоголок Молдо - Восточная көчөлөрүн байланыштырган сел канал аркылуу өтүүчү жолду (мостту) калыбына келтирүү

Райондук өнүктүрүү фонду

1 392 000

1 000 000

392 000

28,2

3

Шаардын аймагында 31 жерде таштанды топтолуучу жайларды куруу жана 125 даана үкөктөрдү орнотуу

Облустук өнүктүрүү фонду

4 000 000

3 500 000

500 000

12,5

 

Бардыгы

 

30535262

24883559

5651703

18,5

Раззаков шаардык

Кеңешинин жооптуу катчысы:- З.Н.Туяков