Редакцияот 31.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы (VII чакырылышы)

2025-жылдын 31-январы № 7

Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө.

Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

                                          

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

  1. Тайлан айылындагы Орто-Дөң көчөсүнө курулуп жаткан мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушуна жер аянты жетишсиз болгондуктан кошумча жер аянтын жеке жер ээсинин макулдугу аркылуу алмашуу жолу менен кошуу максатында башкы планга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берилсин.
  1. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, жерлер жана айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

С.А.Саматов