Редакцияот 05.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы

 

2025-жылдын 5-февралы №14

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановдун отчету

Кадамжай  шаардык кеңеши шаардын мэри А.Мурзажановдун 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине ылайык

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кадамжай шаарынын мэринин 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.
  1. Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин:

 

-        Шаардын социалдык инфраструктурасын өсүп өнүгүүсү үчүн түрткү берүүчү гранттарды жана инвестицияларды тартууну активдештирүү жагы;

-        Шаардын тазалыгын сактап, тургундарды, чарбалык субьектерди суу, электр энергиясы жана жылуулук менен айрыкча кыш мезгилинде үзгүлтүксүз камсыз кылуу жагы;

 

-        Шаардын тургундарынын жана жаштардын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында спорт жана дене тарбия тармагын өнүктүрүү, машыгууга тийиштүү шарттарды түзүп, ар түрдүү мелдештерди уюштуруу боюнча иш чараларды өткөрүү жагы;

 

-        Шаарда жүргүзүлгөн куруу иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу жагы;

-        Шаарда укук бузуулар, диний экстремизм жана легалдуу эмес миграция менен күрөшүүнү күчөтүүгө жана коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү жагы.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасына жүктөлсүн.
  1. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин. 

Төрага:

 К.Дастиров