КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
2025-жылдын 5-февралы №15
Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүруу боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, Кадамжай шаардык мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кадамжай шаарынын 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 120000,8 миң сом, чыгашалар бөлүгү 135708,9 миң сом өлчөмүндө аткарылгандыгы боюнча отчету бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Төрага: | К.Дастиров |