Редакцияот 13.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы кезектеги XXX - сессиясы

 

2023-жылдын 13-апрели № 30/2

 

Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмүнүн

2022-жылы аткарган иштери жөнүндө

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси С.Сейдакматованын 2022-жылга аткарган иштери боюнча отчетун угуп, талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезектеги ХХХ-сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси С.Сейдакматованын 2022-жылы аткарган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.

(Отчет тиркелет)

2. Көк-Жаңгак шаарындагы мектептерде кошумча сабак берүү үчүн кружоктор ачылсын.

3. Окучулардын билим денгелин жогорулатуу боюнча иш алып барылсын.

4. Көк-Жаңгак шаарындагы мектептердин мугалимдеринин квалификациялык деңгээлин жогорулатуу боюнча иш алып барылсын.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин билим берүү жана жаштар, аялдар саясаты, маданият жана спорт маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:

 

Байдавлетов З.

 

 

Тиркеме № 1

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн аткарган иштеринин

о т ч е т у.

 

“Жаңы китеп” мекемеси боюнча:

2021-2022-окуу жылынан баштап “Жаңы китеп” мекемеси менен иштешип келе жатабыз. Жалал-Абад областы боюнча “Жаңы китеп” мекемесинин адистери менен биргеликте ватсап группа ачылган. Бул группада шаардык билим берүү бөлүмүнөн китеп боюнча усулчусу жана мектептердин 5 китепканачысы бар. Китеп боюнча маселелер жаралса группага жазып, жоопторун ала алышат.

Буга чейин ар бир китепканачы жыл сайын кагаз жүзүндө Д-10 отчетун тапшырышчу. Ал эми 2022-2023-окуу жылынан баштап “Жаңы китеп” мекемесинде ар бир китепканачыга жеке кабинет ачылган, алар отчетторун, китептерди таркатуу, кабыл алуу, иш чараларын жеке кабинеттеринен жасашат. Бардык документтер электрондук түрдө болуп калды десек болот.

 

Жаңы чыккан китептер боюнча:

9-класстардын окуучуларына “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети жаңы киргендиктен окуу китеби келгенче мугалимдерге курстар окутулуп, колдонмо берилген. Колдонмонун негизинде мугалимдер окуучуларга предметти окутуп келишкен.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерге 160 даана окуу китеби, мугалимдер үчүн 10 даана усулдук колдонмо, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектепке 40 даана окуу китептери, мугалимдерге 2 усулдук колдонмо мектептерге берилген.

USAID “Окуу керемет!” долбоору тарабынан келген башталгыч класстардын мугалимдерине математика боюнча 6-10-модулдар жана математикалык сандыкчалар мектептерге берилди.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо боюнча жүргүзүлгөн иш аракеттер:

Жыл сайын окуу жылынын башында мектептердин социалдык педагогдору тарабынан социалдык абалдагы балдар такталат.

2022-2023-окуу жылында мүнкүнчүлүгү чектелген окуучулар – 22. Үйдөн билим алган окуучулар – 5. Алар №3-мектепте – 1, №4-мектепте - 2, 6-мектепте 2- окуучу. Үйдөн билим алган окуучуларга мугалимдер барып, сабактарын өтүп турушат. Ал эми социалдык педагогдор ай сайын ал балдардын жашоо-шартынан класс жетекчиси менен биргеликте кабар алып турушат.

 

“Мектеп лигасы” боюнча:

2022-2023-окуу жылындагы “Мектеп лигасына” 5 мектептен 5 төмөнкү топтор катталышты:

 

 №

 Мектептин аталышы

Топтун аты

 

Спорттун түрү

1

№1 М.В.Фрунзе атындагы орто мектеби

“Раззаков” тобу

Шахмат

2

№2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясы

“Жаңыл Мырза” кыздар тобу

Воллейбол

3

№3 Т.Сатылганов атындагы орто мектеби

“Алга” балдар тобу

Воллейбол

4

№4 Ю.А.Гагарин атындагы орто мектеби

“Кыз Сайкал” кыздар тобу

Воллейбол

5

№6 М.В.Ломоносов атындагы орто мектеби

“Жалын КЖ” кыздар тобу

Воллейбол

 

Лиганын шаардык туру өткөрүлүп, женишке ээ болгон:

 

1.

№3 Т.Сатылганов атындагы орто мектеби

 

“Алга” балдар тобу

Воллейбол

2

№2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясы

“Жаңыл Мырза” кыздар тобу

Воллейбол

3

№1 М.В.Фрунзе атындагы орто мектеби

“Раззаков” тобу

Шахмат

 

топтор райондук турга катышышып, райондук турда спорттун шахмат түрү боюнча №1 М.В.Фрунзе атындагы орто мектебинин “Раззаков” тобу 3-орунга ээ болду.

2023-жылдын 25-февралында өткөрүлгөн райондуктурга шаардык мэрия тарабынан 5000 сом акча каражаты бөлүндү.

 

Категорияларды жогорулатуу боюнча:

Жалпы билим берүүчү уюмдарда эмгектенген мектеп, балдар бакчаларынын жетекчилери, мугалимдер жана тарбиячыларга категорияларын жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Өз каалоосу менен жетекчилер, мугалимдер жана тарбиячылар категорияларын жогорулатам десе, арызынын негизинде аттестациядан өткөрүлөт. Берилген категориянын негизинде айлык акысына кошумча төлөм төлөнөт.

Жетишпеген кадрлар боюнча:

Шаарыбыздагы №1 М.В.Фрунзе атындагы орто мектебине орус тилдүү кадрлардын жоктугунан, акыркы 3 жылдын аралыгында химик мугалими жок болуп келди. Жыл сайын Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин жыйындар залында кадрларды бөлүштүрүү иш-чарасы өткөрүлөт. Эң өкүнүчтүүсү орус тилдүү мектепке керек химик мугалимдер такыр жок болуп келет.

2022-2023-окуу жылында бул мектепте кадрлар жетиштүү.

Предметтик олимпиада боюнча:

Жалпы билим берүүчү мектептеринде өткөрүлгөн шаардык олимпиадага жалпы 139 окуучу катышып, алардын ичинен 22 окуучу байгелуу орундарга ээ болушуп, областтык олимпиадага катышышты. Областтык олимпиадада №2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Таирова Нурзадахимия предметинен 3-орунга ээ болуп, Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун Ардак грамотасы менен сыйланды.

“Алтын тамга” боюнча:

Алтын тамгага 5 мектептен 7 талапкер катышкан. Алардын арасынан №2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Таирова Нурзада “Алтын тамгага” татыктуу болду.

 

ОРТ боюнча:

 

2022-жылдагы ОРТ дан жогорку жана төмөнкү балл алган мектептер боюнча маалымат.