Редакцияот 20.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Коргон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы 

 

2025-жылдын 20-январы № 3/3

 Үч-Коргон айыл өкөмтүнүн жеке менчик турак-жай, жер маселелери, турак-жай фонду жана муниципалдык менчиктеги жерлерди башкаруу боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө.

 

 Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин 32-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобого таянып, Үч-Коргон айылдык кеңеши  токтом кылат:

  1.  Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин 32-беренеси, ошондой эле “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому  аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
  2. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жеке менчик турак-жай, жер маселелери, турак жай фонду жана муниципалдык менчиктеги жерлерди башкаруу боюнча төмөнкүдөй комиссия курамы бекитилсин.

Төрага:                 А.Нурмаматов             орун басар.

Катчы:                  К.Абдурахманов          жер адиси.

Мүчөлөрү:           Рустам уулу Ү              депутат

       Р.Каримов                     депутат

      Б.Абдурахманов           депутат

      Б.Исаков                        жер адиси

      А.Рахматуллаев            ФЭБ башчы

       М.Муминжанов            салык бөлүмү

       Бардык айылдардагы айылдардын башчылары.

  1. Комиссия курамына айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы тапшырылсын.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Агрардык жана айыл чарба”  боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Б.Бердибаев