Редакцияот 20.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Үч-Коргон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы 

 

2025-жылдын 20-январы № 3/1

 

“Үч- Коргон” Мунициципалдык ишканасына жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү максатында акча каражаты ажратып берүү жөнүндө.

 

            Кыргыз Республикасынын“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 22-беренесине ылайык Үч- Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. “Үч- Коргон” Муниципалдык ишканасына жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү максатында
  1.  айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  1. Тиешелүү каражатты бөлуп берүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финанс жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Б.Бердибаев