Редакцияот 20.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Үч-Коргон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы 

 

2025-жылдын 20-январы № 3/8

 Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Чаувай айылы менен, мурдагы  Чаувай айыл аймагы бириктирилип,  бир эле Үч-Коргон айыл аймагынын Чаувай айылы деп статус берүү жөнүндө

2025-жылдын 16-январь күнү Үч-Коргон айыл аймагынын Чаувай айылынын тургундары менен мурунку Чаувай айыл аймагынын тургундары ортосунда өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколдорунун чечимдерин угуп жана талкуулап, Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1.  Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Чаувай айылы менен, мурдагы  Чаувай айыл аймагы бириктирилип,  бир эле Үч-Коргон айыл аймагынын Чаувай айылы деп статус берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго жүктөлсүн.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы айыл кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.   

Төрага:

Б.Бердибаев