Редакцияот 17.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VIII чакырылышылынын кезексиз III сессиясы

 

2024-жылдын 17-декабры № 3/4

 

Эпкин айылындагы А. Мааткеримов атындагы орто мектебинин чатырын алмаштырууга акча каражатын которууга кепилдик берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын  34-39-беренесин жетекчиликке алып жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максаттын билдирүүсүн угуп, Чолпон айыл аймагынын айылдык  кеңеши токтом кылат:

 

1. Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинне караштуу Эпкин айылындагы Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектептин чатырын алмаштырууга үлүштүк дем берүүчү грантка (стимгрант) долбоор сунуштоого, өздүк салым катары жалпы наркы 522049-00 (беш жүз жыйырма эки миң кырк тогуз) сом акча каражаты                    2025-жылда бюджет бекитилген учурда, эске алуу менен бөлүп берүүгө кепилдик берилсин.

 

2. 2025-жылдын бюджетин бекитип жаткан учурда эске алуу, планга киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З. Козубековга жүктөлсүн.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

Ө. Урматов