Редакцияот 13.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

Абды Суеркулов айылдык кеңешинин

IX чакырылышынын XXVII сессиясы

 

2023-жылдын 13-марты № 96

 

Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жайыт жерлеринен өнөр жайы зоналарына трансформацияга которууга макулдук берүү жөнүндө.

Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жайыт жерлеринен өнөр жайы зоналарына трансформацияга которууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жайыт жерлеринен Торкен айылынын Артак участогунан №1156, 1138, 1154-контурларынан 1га, Акчап участогунан №1221, 1213-контурларынан 1га, Көтөрмө айылынын Кара-Коо участогунан №506,508, 507, 500-контурларынан 2га, Кара-Жыгач айылынын Бишкек-Ош жолунун жээгиндеги контуру жок аянттан 1га жерлерди өнөр жайы зоналарына (карьерге) трансформацияга которууга макулдук берилсин.

1. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

2. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.

3. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.

 

 

Кеңештин төрагасы:

 Таалайбек уулу Курсант