Редакцияот 20.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы

 

2023-жылдын 20-апрели № 27/2

 

Кочкор айыл өкмөтүндө 2023-жыл ичиндеги жайыт пайдалануунун ички тартип эрежелерин, тарифтерин жана айыл чарба техникаларынын баасын бекитүү жөнүндө

 

Кочкор айыл өкмөтүндө 2023-жыл ичинде жайыт пайдалануу эрежелери жана тарифтерин бекитүү жөнүндөгү жайыт комитетинин төрагасы М.Таласовдун сунушун жана Кочкор, Большевик айылынын 28-март 2023-жыл №4 жана Теңдик айылынын 27-март 2023-жыл №3 элдик жыйынын протоколдорунун негизинде 2023-жылга айыл чарба техникаларынын баасын бекитүү боюнча сунуштарын карап, талкуулап жана карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамынын 4-беренесинин 3-пункутуна жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык,Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Жайыт акылары жайыт акы жайыт пайдалануучулардан алына тургандыгы белгиленсин ( малчы,бадачы). Жайыт акы 2023-жылдын октябрь айына толук чогултуп бүткөрүү жайыт комитетине милдеттендирилсин.

  2. Малдын түрүнө жараша алынуучу акы төмөндөгү тартипте бекитилсин.

-Бир баш бодого шарттуу саны 1-100 ( жүз) сом

-Бир баш жаш бодого шарттуу саны 1-70 ( жетимиш) сом

-Бир баш кой, эчкиге шарттуу саны 0,2- 20 ( жыйырма) сом

-Бир баш топозго – 400 ( төрт жүз) сом

Башка айыл өкмөтүнөн алынган малга жайыт акысы 2,5 эсе өлчөмүндө жана эмделгендиги тууралуу маалымат кагаздары менен биргеликте алынат.

  2.1. Малчынын эмгек акысы: Жалпы элдик жыйындын токтомунун негизинде

- Бир баш бодого Теңдик, Исакеев айылдары үчүн 500 ( беш жүз) сом.

- Бир башкой, эчки –Теңдик, Исакеев айылдары үчүн 60 (алтымыш) сом.

  3. Жайыттар боюнча ички тартип эрежелери.

  3.1.Жайытка жайыт билетин алып, келишим түзүп жайыт акынын 50 пайызын төккөндөн кийин жайытка уруксаат берилет.

- Жайыт сезону 01.04.-30.10 аягына чейин болот

- Жаздоого көчүү 20.04-10.05 ге чейин.

- Жайлоого көчүү 25.05-10.06 га чейин.

- Кайра көчүп келүү 1 октябрдан башталат.

3.2. Ички жайыттардын бардыгы Сары-Булак, Кара-Кужур өрөөндөрү тыныгууга калтырылат. Бул жайыттарды жайкысын көзөмөлдө үчүн корукчулар дайындалып акылары жайытка түшкөн акчадан каржыланат.

  3.3. Малчылар малдарды кароосуз калтырып жоготуп, өлтүрүп жээ карышкырга жедирсе малдын ээсине малын төлөп берет.

  3.4. Жайлоодогу конуштарды, жаратылышты коргоо эрежелерине ылайык таза-иретинде кармоо, суу булак-баштарынан эрежеге ылайык отурруу.

  3.5. Жайлоодон эрте көчүпкелген малчыларга айып салынат, кайра көчүп кетүүгө билдирүү берилет.

Айылда бир ат, 2 саан уй, 3 койдон ашык мал калбашы керек. Калган уйларга бада уюштурулуп, бада 20-апрельден башталышы керек. Бадага калган малдарга ички жайыттан жер берилип жайыт акы алынат. Эгерде токой чарбасына караган жерлерди токой чарбасы менен келишим түзүлүп иш алып барылат. Ар бир чабандар менен келишимдер түзүлүп өзү билемдик менен мал баккандыгы үчүн, акыны көтөргөн, тартип бузуп жайыт эрежелерин сактабаган малчылар үчүн аксакалдар сотунун чечими менен 10 000 сом айып салынат. Бул айыптарга акты түзүлуп жайыт комитетинин эсеп балансасына которулат. Башка айыл өкмөттөрдүн тургундарынын малдарын алып, малынын каттосу башка айыл өкмөттөрдө болсо жана малдарын толук каттатпагандарга 2,5 эсе акы алынат. Жайыт комитетинин талабын аткабай алыскы жайыттарга көчпөй, жайлоодон эрте түшсө жана жайыт акы менен мурунку жылдар үчүн эсептешпей, жайыт билетин узартпагандарга жайыт берилбейт.

  4. Малдарын эгинге,айдоо аянттарына,чөпкө жайыттарды которуштуруп пайдаланууга калтырылган жерлерге киргизип же жайлоодон эрте түшүп тартипти бузгандарга салынуучу айыптардын өлчөмдөрү:

Малдын башына: Бодого - 1000 (мин) сом, кой-эчкиге - 100 (жүз) сом.

  5. Эгиндерге, чөп чабындыларга келтирилген чыгымдын: ордулары зыян тарткан тарапка малдын ээсинен же күнөөлүү тараптан сот аркылуу толук өндүрүлүп берилет.

 6. Жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу үчүн ар бир гектар жер аянтка алынуучу акы 1000 ( миң) сомдон, башка айылдардын жарандарынан эки эсе акы алынат.

 7. Техникадан жайыт комитетине бир жылга 60 000 (алтымыш миң) сом акы түшөт аренданын негизинде.

  8. Кочкор, Большевик жана Теңдик айылынын айыл чарба техникаларынынын алынуучу акы төмөндөгү тартипте бекитилсин.

Айдоо – 1800 сом 25 литр май

Чөптүн ордун бузуу – 2000 сом 30 литр май

Пресс – 1400 сом 10 литр май.

 9. Айылдардагы ички тартип эрежелерин көзөмөлдөө жана Эмгек-Туусу газетасына жарыялоо, малчылар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Кочкор айыл өкмөтүнүн милдетин убактылуу аткаруучу Т.Абдылдаевге милдеттендирилсин.