Редакцияот 20.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы

 

2023-жылдын 20-апрели № 27/5

 

Стадионго бала бакчаларды жана спорт комплекс куруу үчүн каралган акча каржатынын багытын өзгөртүү жөнүндө

 

Кочкор айылдык кеңешинин 9-февраль 2023-жыл 24/6 токтомундагы 10 000000 (он миллион) сом акча каржатынын багытын өзгөртүү боюнча Кочкор айыл өкмөтүнүн орун басары Т. Абдылдаев менен бюджет, экономика жана салык жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 39-беренесинин негизинде,Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:

1.10 000000 (он миллион) сом акча каражаты төмөндөгүдөй болуп бөлүнсүн.

2. Кочкор айыл аймагынын Кочкор, Теңдик, айылдары боюнча топосьемка жасоого; Кочкор, Теңдик, Большевик айылдары боюнча жалпы башкы планын түздүрүүгө 1500 000 (бир жарым миллион) сом жана Бишкек торугарт жолу менен Исакеев көчөсүнүн кесилишине светофор койдурууга 2500 000 (эки жарым миллион) сом, Исакеев көчөсүнөн Администрациядан баштап Большевик айылына чейин жарыктандырууга 2000 000 (эки миллион) сом, проектинин сметасын түзгөнгө 1500 000 (бир жарым миллион) сом, Ак мечеттин маңдайына чакан парк уюштурууга 500 000 ( беш жүз миң) сом, Ормон-Хан паркынын айланасын темир тосмо менен тосууга 2000 000 (эки миллион) сом акча каржат бөлүнүп берилсин.

3. Акча каражат которуп берүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн орун басары Т. Абдылдаевге милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын Бюджет, экономика жана салык жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

Э.Э. Эшмукамбетов