Редакцияот 20.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы

 

2023-жылдын 20-апрели № 27/7

 

 Большевик айылынан 0,48 га жер аянтын трансформациялоо жөнүндө

 

Кочкор айыл аймагынын Большевик айылына кире бериш жолдун күн батыш, чоң трассанын кесилишинин түштүк тарабынан баштап канализациялык тазалоо куруу жана суу алдына фильтр орнотууга №292 контурдан өлчөмү; узундугу 80м, туурасы 60м, жалпысы; 0,48га жер тилкени, жер аянтынын багытын өзгөртүп трансформациялоо жөнүндөгү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Т.Абдылдаевдин сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” №123 мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат.

1. Большевик айылына кире бериш жолдун күн батыш, чоң трассанын кесилишинин түштүк тарабынан баштап канализациялык тазалоо куруу жана суу алдына фильтр орнотууга №292 контурдан өлчөмү; узундугу 80м, туурасы 60м, жалпысы; 0,48га жер тилкени, жер аянтынын багытын өзгөртүп трансформациялоого сунушталсын.

2. Трансформацияга сунушталып жаткан жер аянтын тактап, багытын өзгөртүп трансформацияга сунуштоо, контурларын, координат чекиттерин, экспликациясын тактоо, тиешелүү огргандар менен макулдашуу, керектүү документтерин дайындоо Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Т.Абдылдаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомду камсыздоо жагы Кочкор райондук архитектура шаар куруу башкармалыгына тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык тиешелүү кагаздарды берүүсү суралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айыл чарбасы, экологияны коргоо жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  

Төрага

Э.Э.  Эшмукамбетов