КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы
2023-жылдын 20-апрели № 27/8
Кочкор айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңеши жайыт комитетинин 2023-жылга бюджетин бекитүү боюнча төрагасы М.Таласовдун сунушунугуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 39 беренесинин негизинде , Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2023-жылга карата бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү жайыт билетинин эсебинен чогултулган каражат 1 160 000 (бир миллион бир жүз алтымыш миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин.
№ | Киреше бөлүгү | сумма |
|
| мазмууну | сумма |
|
1 | Мал жаюдан түшкөн жайыт акы | 1 100 000 |
|
2 | Кызмат көрсөтүүдөн: |
|
|
а) | трактордон | 60 000 |
|
|
|
|
|
| Баардыгы | 1 160 000 |
|
3. Жайыт комитетинин чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин.
№ | Чыгаша бөлүгү |
|
| мазмуну | суммма |
1. | Жайыт инфраструтурасына |
|
| а) Жайлоонун жолдорун оңдоо жана башка жумуштарга (бел ачуу, сапар чыгымына | 377100 |
| Эмгек акы үчүн | 440 000 |
| Соц.фонд 17,25% | 75 900 |
| Канцелярдык чыгымдар үчүн | 15000 |
| Ар кандай чыгымдар үчүн (сүрөт,почта,банк чыгымдары) | 20 000 |
| Сапар чыгымы | 20 000 |
| Транспорттук чыгым | 80 000 |
| Ижара акысы ( кеңсе) | 36 000 |
| Интернет үчүн | 18 000 |
| Электро энергия үчүн | 18 000 |
| МДИ “Кыргызмамжердолбоорлоо” мекемесинен карта чийдирүү, жерлерин инвентаризация жасатуу жана башка жумуштар | 20 000 |
| Келишим менен жумушка иштетүү | 40 000 |
| Баардыгы | 1 160 000 |
4. Жайыт комитетинин бюджетинин киреше бөлүгун толук аткаруу жана чыгымдоолорду мыйзамга ылайык жүргүзүү жайыт комитетинин төрагасы М.Таласовго милдеттендирилсин.
5. Эскертүү: Жайыт акы, жайыт ресурсстарын мал жаю менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануудан түшө турган акы 200 000 (эки жүз миң) сом жана Кум-Бел, Тешик, Капка-Таш жайыттарын башка айыл өкмөттөр пайдалануудан түшө турган акы 20 000 (жыйырма миң) сом. Эгерде болжолдуу каражат түшө турган болсо 6 айлыкта кайра карап кошумча бекитип берүүңүздөрдү сурайбыз.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |