Редакцияот 30.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН

I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 1- СЕССИЯСЫ

  

2024-жылдын 30- ноябрындагы    № 03                          

 

Оргочор жергиликтүү кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жана алардын төрагаларын бекитүү жөнүндө.

 

    Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 36-беренесине ылайык жана жергиликтүү кеңештин I- чакырылышынын  депутаттарынын сунушунун көпчүлүк добушунун негизинде сессия  токтом кылат:

 

1.     Оргочор  жергиликтүү кеңешинде 3 туруктуу комиссия түзүлсүн жана этика комитети бекитилсин. 3 туруктуу комиссиясынын аталышы, сандык курамы жана сунушталган төрагалар менен  1- тиркемеге ылайык бекитилсин: Этика комитетинин курамынын сандык бирдиги 2-тиркемеге ылайык  бекитилсин.

2.     Туруктуу комиссиялардын отурумдарынын протоколдорун жүргүзүү жагы жергиликтүү кенештин жооптуу катчысы Э.Тариеловага жүктөлсүн. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Тѳрага                                                                                                 А.Тыныбеков