Редакцияот 30.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН

I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 1- СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 30-ноябры №04        

Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Курултайды өткөрүү жөнүндө” №271 Жарлыгын, Жети-ϴгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 28-октябрындагы №309 тескемесин  негизинде Оргочор айыл аймагында Кезектеги III Элдик Курултайын өткөрүү боюнча айыл өкмөт башчысы Жумашов Жыргылбек Кубанычбековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү кеңештин токтом кылат:

 

  1. Кезектеги III Элдик Курултайы 2024-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарына чакыртылганы жана  Элдик Курултайга айыл аймак боюнча 2 делегат шайлана тургандыгы эске алынсын.  
  1. Оргочор айыл аймагыда Кезектеги III Элдик Курултайына делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктү жыйыны  2024-жылдын 07-декабрында саат 10-00гө Оргочор маданият үйүнө чакырылсын.
  1. ϴкүлчүлүктүү жыйынга келүүчү 100 өкүл,  анын ичинен Тилекмат  айылынан 21 өкүл, Ак-Дөбө айылынан 8 өкүл , Аң-ϴстөн айылынын 9 өкүл, Мундуз айылынан 3 өкүл, Оргочор айылынан 15 өкүл,  Боз-Бешик  айылынан 9 өкүл, Кургак-Айрык айылынан 2  өкүл, Светлая Поляна  айылынан 18 өкүл, Чоң-Кызыл-Суу айылынан 5 өкүл, Подгорный айылынан 6 өкүл, Ак-Шыйрак айылынан 1 өкүл, Кара-Сай айылынан 1 өкүл, Ыштык айылынан 1 өкүл, Үч-Кошкон айылынан 1 өкүл   айылдардын калкынын санына жараша бөлүнсүн.
  1. Кезектеги III Элдик Курултайына делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү графиги  №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  1. Кезектеги III Элдик Курултайына делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу _____ адамдан түзүлсүн жана курамы  №2 тиркемеге ылайык бекитилсин
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага А.Тыныбеков