Редакцияот 29.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- КЕЗЕКТЕГИ  СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 29-январындагы   №11                                                                        

 

Жашылдандыруу- көрктөндүрүү,санитардык тазалоо боюнча салыктык эмес киреше жыйымын жоюу жөнүндө

 

Оргочор айыл аймагында  таштандыларды тазалоо, чыгаруу иштери   Кызыл –Суу айыл өкмөтʏнө караштуу “Тазалык ” муниципалдык ишканасы  менен иш алынып  барылат. Ишканага  таштанды чыгаруу үчүн ар бир кожолук  100 (жʏз ) сомдон акча каражатын  төлөп  жаткандыгына байланыштуу,  2018-жылдын 10-августундагы №90 “Кыргыз Республикасынын салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым” боюнча 24-главасынын 75-беренеси жыйымдын ставкасына таянып, Оргочор айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси С.Шаршембиеванын берген билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап жергиликтʏʏ кеӊеши  токтом кылат:

 

1.    2018-жылдын 10-августундагы №90 “Кыргыз Республикасынын салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым” боюнча 24-главасынын 75-беренеси жыйымдын ставкасы эске алынсын.

2.    Оргочор  айыл аймагы боюнча  ар бир  кожолуктан салыктык эмес (өз ара салык)  кирешелерден чогултулуп  жаткан акча каражаты 2025-жылдын  январь айынан тартып чогултуу токтотулсун.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго  жана финансы - пландоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Асаналиевге жүктөлсүн.

Төрага                                                                                А.Тыныбеков