Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 70 токтомуна)
Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуулардын алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери иштеп чыгуучу электр энергиясын кепилденген сатып алууну камсыз кылуу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуулардын алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери иштеп чыгуучу электр энергиясын кепилденген сатып алууну камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (мындан ары - ЭКБ) объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуулардын алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттеринде өндүрүлгөн электр энергиясын кепилденген сатып алууну камсыз кылуу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр:
инвестициялык келишим - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн ЭКБ объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу;
кепилденген сатып алуу - ЭКБ объекттери тарабынан электр энергиясын берүү жөнүндө келишимде каралган республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен акы төлөө боюнча милдеттенмелерди камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун (мындан ары - Жашыл энергетика фонду) милдеттенмеси;
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому (мындан ары - "КУЭТ" ААК) - ЭКБ объекттери тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган электр энергия компаниясы;
кредиттик келишим - кредиттик мекеменин (банктын) жана инвестордун жана/же ЭКБ субъектинин ортосунда түзүлгөн келишим.
2-глава. Электр энергиясын сатып алуу боюнча кепилдик берүү шарттары жана тартиби
3. Ушул Жобонун тиркемесине ылайык электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашууну түзүү үчүн инвесторлор төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда түзүлгөн, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген ЭКБ объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун болушу;
2) окшош инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишти жүргүзүү, мында экиден кем эмес ийгиликтүү ишке ашырылган окшош долбоорлордун болушу. Ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлордун жалпы наркы инвестициялык долбоордун суммасынан кем болбоого тийиш;
3) жалпыга таанылган эл аралык ишкердик кадыр-баркка, иштин окшош чөйрөсүндө уникалдуу билимдерге ээ болуу же болбосо эгерде юридикалык жактын иштеп жатканына үч жылдан аз болсо, мындай уюмдун атынан кепилдик катын берүү;
4) жеңилдетилген салыктык режимди сунуштаган жана (же) маалыматты толук ачыктоо жана берүү каралбаган мамлекеттерде жана аймактарда катталбаган жана иш жүргүзбөгөн (оффшордук зоналар);
5) инвесторго карата эч кандай доо коюлбаган, эч кандай сот иштери козголбогон, эч кандай териштирүүлөр же иликтөөлөр жүргүзүлбөгөн жана анын чарбалык иши, активдери, финансылык же башка абалы үчүн кандайдыр бир олуттуу жагымсыз кесепеттерге же өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу жөндөмдүүлүгүн алсыратууга жалпылап же өз-өзүнчө алып келиши ыктымал болгон эч бир сот, арбитраж же мамлекеттик орган тарабынан ага каршы мындай иш-аракеттерди жасоо коркунучу болбогон, ошондой эле каалаган мындай олуттуу жагымсыз кесепеттерге же мындай алсыратууга алып келиши ыктымал болгон эч кандай укук бузуулар же эч бир соттун, арбитраждын же каалаган мамлекеттик органдын эч кандай аткарылбаган тескемелери, токтомдору, буйруктары же тыюу салуулары жөнүндө инвесторго белгилүү болбогон;
6) инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн каражаттар кылмыштуу кирешелер болуп саналбаган же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик ишти каржылоо, жогорку тобокелдиктеги юрисдикциялар жана санкциялык тизмелер менен байланышпаган, ошондой эле инвестордун атынан иш жүргүзгөн кызмат адамдары жана башка каалаган адамдар кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик ишти каржылоо менен байланышкан ишке тартылбаган;
7) инвестор долбоордун финансылык моделин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоорду каржылоо булактарын ырастап берүүгө тийиш;
8) инвестордун жана/же ЭКБ субъектинин юридикалык жак катары катталган жери жана инвестициялык долбоорду жүзөгө ашырган жери боюнча салыктарды, жыйымдарды жана каалаган деңгээлдеги бюджеттерге башка төлөмдөрдү төлөө боюнча мөөнөтү кечиктирилген карызы болбоого тийиш;
9) инвестордун жана/же ЭКБ субъектинин юридикалык жак катары катталган жери жана инвестициялык долбоорду жүзөгө ашырган жери боюнча мурда алынган зайымдарды төлөө жана тейлөө боюнча мөөнөтү кечиктирилген карызы, төлөмдөрдүн мөөнөтү келген карызы, ошондой эле кредиторлорго мөөнөтү кечиктирилген башка карызы болбоого тийиш.
4. Кепилденген сатып алуу ЭКБ объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында кредитор менен инвестордун жана/же ЭКБ субъектинин ортосунда түзүлгөн кредиттик келишим колдонулган мөөнөткө берилет.
5. Электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашууну түзүү үчүн инвестор жана/же ЭКБ субъекти Жашыл энергетика фондуна төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашууну түзүү ниети тууралуу арызды;
2) юридикалык жактын мамлекеттик каттоо күбөлүгүнүн жана уюштуруу документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
3) жер участогуна укукту ырастаган документтерди жана ТЭН;
4) юридикалык жактын салыктык эсепке алынган жери боюнча салык органдарынан салыктарды, жыйымдарды жана каалаган деңгээлдеги бюджеттерге башка төлөмдөрдү төлөө боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкатты;
5) юридикалык жактын эсептерин тейлеген коммерциялык банктардын акыркы алты айга алыш-бериш эсеби боюнча жүгүртүүлөр тууралуу маалымкатын;
6) акыркы үч жылга финансылык отчетту жана акыркы үч жылга көз карандысыз аудитордун корутундусун. Жок болгон учурда - акыркы отчеттук мезгилге;
7) болгон бардык карыздар жөнүндө маалыматты (макулдашуулардын, келишимдердин көчүрмөлөрү жана тиешелүү документтер);
8) инвестициялык долбоорду ишке ашырууга каржылоо булактарын жана 20%дан кем эмес өздүк каражаттарын салууну ырастоо;
9) кубаттуулугу 30 МВттан жогору энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекти тарабынан электр энергиясын берүүгө түзүлгөн келишимдин (контракттын) болушу;
10) ЭКБ объекти эксплуатациялоого киргизилгенге чейин долбоорго инвестициялардын пландалган суммасынан 2% өлчөмүндө банк кепилдиги түрүндө ырасталган документ.
6. Ушул Жобонун 5-пунктунда каралган бардык документтер берилгенден кийин 14 жумуш күндүн ичинде Жашыл энергетика фонду электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу маселени карайт.
7. Арыз жактырылгандан кийин Жашыл энергетика фонду Инвестордун жана/же ЭКБ субъектинин кредиттик келишими болгон учурда электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашууну түзүү ниети тууралуу макулдук катын Инвесторго жана/же ЭКБ субъектине жөнөтөт.
Инвестордун жана/же ЭКБ субъектинин кредиттик келишими болгон учурда Жашыл энергетика фонду жана "КУЭТ" ААК тарабынан Инвестор менен биргеликте Электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө үч тараптуу макулдашуу түзүлөт.
8. Электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашуу ЭКБ объекти эксплуатациялоого киргизилген учурдан тартып күчүнө кирет.
9. Инвестордун белгиленген критерийлерге ылайык келбеши жана ушул Жобонун 5-пунктунда каралган документтердин толук берилбеши Жашыл энергетика фонду тарабынан электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашууну түзүүдөн баш тартууга негиз болуп саналат.
10. Инвесторго жана/же ЭКБ субъектине ЭКБ объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан инвестицияга кепилдик берилген учурда электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашууну түзүү ниети тууралуу арыз каралбайт.
11. Инвестор жана/же ЭКБ субъекти тарабынан инвестициялык макулдашуу жана электр энергиясын берүү келишими боюнча милдеттенмелердин талаптагыдай аткарылбашы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашууну жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.