Редакцияот 31.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги V сессиясы

 

2025-жылдын 31-январы  №5-3

 

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2025-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын пайдалануу багыттарын аныктоо  жөнүндө

 

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2025-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын пайдалануу багыттарын аныктоо  боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ы. Мөндүрбаеванын, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы  Р.Докоевдин жана  финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т. Аттокуровдун сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 2025-жылдын       1-январына карата 16 202 001 (он алты миллион эки жүз эки миң бир) сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:

1)    Лизингге алынган техникалардын төлөмүнө – 2 000 000 сом;

2)    Архитектурага ПСД, Смета, технадзор ж.б. кызматтарга, кызматтарына –

1700 000 сом;

3)    Ак-Жар айылында салынып жаткан спорт комплекстин курулуш ишин улантуу боюнча өздүк салымга  – 8 200 000 сом;

4)    Ак-Жар айылынын ген.планына өзгөртүү киргизүү  – 500 000 сом;

5)    Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайынды айылдарына яма беккари салдыруу үчүн  – 1300 000 сом;

6)    Ат-Башы айылындагы квартал башчылардын эмгек акысына 14 квартальный  3000*14*4*17,25% – 197 000 сом;

7)    Ак-Жар айылындагы квартал башчылардын эмгек акысына 3 квартальный 3000*3*4*17,25% – 42 200 сом;

8)    “Кыргыз котелго” Керимбаев мектеби үчүн карыз – 500 000 сом;

9)    Жаналы уулу Абдырахман мектеби карыз – 23 800 сом;

10) “Чар” участкасына суу чыгаруу боюнча насос алуу президенттин тапшырмасы  – 200 000 сом;

11) Ат-Башы айылындагы кире беришиндеги Кыяга орнаменттерди түшүрүү – 1 367 876 сом;

12) РЭТ ишканасынан тех.шарттарды алууга – 150 000 сом;

13) Заправка картридж – 21125 сом;                     

2.     2024-жылдын 1-январына карата Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын эсеп-счетундагы ата-энелерден түшкөн төлөмдүн калдык болуп калган 1 123 167,83 сом (бир миллион бир жүз жыйырма үч миң бир жүз алтымыш жети сом 83 тыйын) акча каражаты бала бакчадагы балдардын тамак ашы үчүн пайдаланылсын:

3.     Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын;

 

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

   

Тѳрага

У. Мелис уулу