Редакцияот 31.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги V сессиясы

 

2025-жылдын 31-январы  №5-5

 

   Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы бала бакчаларга

2 300 000 сомго кошумча план берүү жөнүндө

                                                                                        

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы бала бакчаларга 2 300 000 сомго кошумча план берүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы  Р.Докоевдин жана финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Аттокуровдун сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:  

                    

1.     Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү 5 бала бакчага 2 300 000 (эки миллион үч жүз миң) сомго кошумча план берүү жагы суралсын;

2.     Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Аттокуровго тапшырылсын. 

 

 

 

 

   

Тѳрага

У. Мелис уулу