Редакцияот 31.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги V сессиясы

 

2025-жылдын 31-январы  №5-7

 

Англис тили, чебер колдор, жаш эколог, көркөм сөз өнөрү сабактарын жана тогуз коргоол ийримин өткөрүү үчүн Ак-Жар маданият үйүнүн 3 бөлмөсү класс катары Ат-Башы райондук М. Өмүракунов атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө

 

Англис тили, чебер колдор, жаш эколог, көркөм сөз өнөрү сабактарын жана тогуз коргоол ийримин өткөрүү үчүн Ак-Жар маданият үйүнүн 3 бөлмөсү класс катары Ат-Башы райондук М. Өмүракунов атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине убактылуу пайдаланууга макулдук берүү боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүнүн адиси Т. Кудайбергеновдун берген маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Англис тили, чебер колдор, жаш эколог, көркөм сөз өнөрү сабактарын жана тогуз коргоол ийримин өткөрүү үчүн Ак-Жар маданият үйүнүн 3 бөлмөсү класс катары Ат-Башы райондук М. Өмүракунов атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин;

2.    Ат-Башы райондук М. Өмүракунов атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине Ак-Жар маданият үйүнөн класс катары берилип жаткан бөлмөлөр 1 (бир) жылдык мөөнөткө келишимдин негизинде берилсин жана өткөрүп берүү, өткөрүп алуу актылары милдеттүү түрдө түзүлсүн.

Тѳрага

У. Мелис уулу