Загрузка документа…
4-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна)
Баалуу металлдарды жана асыл таштарды эсепке алуу, сактоо жана ташуу, ошондой эле отчеттуулукту жүргүзүү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо баалуу металлдарды жана асыл таштарды казып алууда, өндүрүүдө, пайдаланууда, жүгүртүүдө жана ташууда алардын кыймылын жана сакталышын контролдоо тартибин аныктайт, ошондой эле баалуу металлдарды жана асыл таштарды сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө отчеттуулукту жүргүзүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Жобонун колдонулушу төмөнкүлөр менен операцияларды жүргүзгөн юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге жайылтылбайт:
1) баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зер буюмдары;
2) кайра пайдаланылуучу баалуу металлдар.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жана кредиттик уюмдарда баалуу металлдарды жана асыл таштарды эсепке алуу жана сактоо, ошондой эле аларды пайдалануу жөнүндө отчеттуулукту жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленет.
4. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды казып алуу, өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү жана ташуу чөйрөсүндө өз ишин жүзөгө ашырган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер ушул Жобонун негизги ченемдерин эске алуу менен баалуу металлдарды жана асыл таштарды алуу, чыгымдоо, эсепке алуу, сактоо жана ташуу тартиби жөнүндө локалдык нускамаларды иштеп чыгат жана бекитет.
5. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) бардык түрдөгү жана абалдагы баалуу металлдарды жана асыл таштарды казып алууда, өндүрүүдө, жүгүртүүдө жана ташууда алардын так эсебин жүргүзүүгө;
2) бардык сактоо жайларында жана түздөн-түз өндүрүштө инвентаризациялоону жүргүзүүгө;
3) өндүрүштө жана сактоо жайларында баалуу металлдардын жана асыл таштардын кыймылы жөнүндө отчеттуулукту берүүнүн белгиленген тартибин сактоого;
4) иштелип чыккан жана бекитилген нускамаларга ылайык баалуу металлдарды жана асыл таштарды сактоону жана ташууну жүзөгө ашырууга;
5) баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү процессинде сактоо, иштетүү, сатуу (чыгаруу), ташуу же колдонуу менен түздөн-түз байланышкан кызмат орундарын ээлеген же иштерди аткарган кызматкерлер менен толук материалдык жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишимдерди түзүүгө;
6) мамлекеттин баалуу металлдарды жана асыл таштарды артыкчылыктуу сатып алууга укугун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине аффинаждалган баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатып алууну алгачкы тооруктарда сунуш кылууга.
2. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды сактоо жана ташуу
6. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды, ошондой эле аларды камтыган материалдарды, сыныктарды жана калдыктарды сактоо бардык сактоо, пайдалануу, эксплуатациялоо жана ташуу жерлеринде аларды уурдоодон, өрттөн, бузуудан толук сакталышын камсыз кылуу менен уюштурулат.
7. Юридикалык жактар менен жеке ишкерлердин баалуу металлдарды жана асыл таштарды сактоосу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте толук материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишимдер түзүлгөн материалдык жактан жооптуу адамдарда атайын техникалык коргоо каражаттары менен жабдылган жайларда жүзөгө ашырылат.
8. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды сактоо жайларынан чыгаруу юридикалык жактын же жеке ишкердин жетекчисинин, башкы (улук) бухгалтеринин уруксат берүүчү колу коюлган жана баалуулуктарды чыгаруучу жана кабыл алуучу материалдык жактан жооптуу адамдардын колу коюлган документтер боюнча жүзөгө ашырылат.
9. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды кабыл алуу жана чыгаруу жүргүзүлгөн кампалар менен чыгдаңдар таразалар жана башка өлчөөчү приборлор менен камсыз кылынат. Таразалар жана башка өлчөгүчтөр белгиленген метрологиялык мүнөздөмөлөргө ылайык келүүгө жана жылына 1 жолудан кем эмес шайкештиги текшерилүүгө тийиш.
10. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды (зер буюмдарды, зер буюмдардын жарым фабрикаттарын, ошондой эле зер буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн өз ишинде колдонулуучу жана алардын менчиги болуп эсептелген баалуу металлдар менен асыл таштарды кошпогондо) ташуу куралдуу коргоонун коштоосунда аба, темир жол жана автомобиль транспорту менен жүзөгө ашырылат.
11. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды (зер буюмдарды, зер буюмдардын жарым фабрикаттарын, ошондой эле зер буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн өз ишинде колдонулуучу жана алардын менчиги болуп эсептелген баалуу металлдар менен асыл таштарды кошпогондо) ташууда аларды ташып жеткирүүнү камсыздандыруу камсыз кылынат. Ташууда юридикалык жактар же жеке ишкерлер, коштоп жүрүүчү адамдар менен жүк ташуучунун ортосундагы жоопкерчилик тиешелүү келишимдер менен аныкталат.
12. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды (зер буюмдарды, зер буюмдардын жарым фабрикаттарын, ошондой эле зер буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн өз ишинде колдонулуучу жана алардын менчиги болуп эсептелген баалуу металлдар менен асыл таштарды кошпогондо) алар сакталган жайдан дайындалган жерине чейин ташуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасы тарабынан юридикалык жактын же жеке ишкердин жооптуу адамынын коштоосу менен жүзөгө ашырылат.
13. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды ташууну жана сактоону уюштуруу жана салмактык чарбаны текшерүү жоопкерчилигин мындай жоопкерчилик жүктөлгөн юридикалык жактын же жеке ишкердин жетекчиси, орун басарлары жана башкы бухгалтери тартат.
14. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды сактоо жана ташуу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти юридикалык жактын же жеке ишкердин цехтеринин, бөлүмдөрүнүн, лабораторияларынын, участокторунун жетекчилери, начальниктери тартат.