Редакцияот 24.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАРПЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

II сессиясынын

 

2025-жыл 24-январындагы №2/11

 

Билим берүү уюмдарынын ысымдарын ѳзгѳртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы «Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө» № 244 токтомуна ылайык, Барпы айыл аймагында жайгашкан №15 «М. Юсупова» атындагы жалпы билим берүү орто мектеп мекемесинин 14.01.2025-жыл №3 сандуу каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап тѳмѳндѳгүчѳ

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Барпы айыл ѳкмѳтүнүн, Күмүш-Азиз айылында жайгашкан №15 «М. Юсупова» атындагы жалпы билим берүү орто мектеп мекемесинин жааматык жыйынынын №1-протоколуна ылайык, №15 «М. Юсупова» атындагы жалпы билим берүү орто мектеп мекемесинин ысымы «Абдрахманов Жусуп Абдрахманович» атындагы жалпы билим берүү орто мектеп мекемеси болуп ѳзгѳртүлсүн.

 

2.     «Абдрахманов Жусуп Абдрахманович» атындагы жалпы билим берүү орто мектеп мекемеси болуп ѳзгѳртүүгѳ кетүүчү иш кагаздарын даярдоону жана Сузак райндук билим берүү бѳлүмүнѳ сунуш берүүнү Барпы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И.Маматсабировго жүктѳлсүн.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү, социалдык маселелер билим берүү, спорт жана жаштар менен иштѳѳ боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы С.Зайнабидиновго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага

 

У.А. Абдыкулов